Turmush — «Адистин кеңеши» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы — Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы инспектору Темирбек Сатыналиев. Ал бруцеллёздон сактануунун жолдорун айтып берди.
Жугуу жолдору:
Бруцеллёз — мал жандыктардан жугуучу зооантропоноздук (малдан адамга жугуучу) оорулардын катарына кирет. Бул оору адамдарга көпчүлүк учурда мал-жандыктардын туут маалында көп жугат. Себеби, туут учурунда адамдын колдору бруцеллёздун козгогучтары (бруцеллалар) менен көбүрөөк байланышта болот.
Түйүлдүктүн тону, жатындагы суулар, кан, ылаңдаган жаныбарлардын жыныс органдары бруцеллёздун сан жеткис козгогучтарын камтыйт. Алар кокус резина кол каптарсыз кармаган учурда колдогу майда жараттар жана сыйрыктар аркылуу адамдын денесине кирет. Козгогучтар ошондой эле жуулбаган колдор аркылуу тамеки тартып жатканда же тамак ичип жатканда оозго кирип кетет. Мындан тышкары, адамдар малды союп жатканда, тамакка оорулуу малдан алынган сүт жана эт азыктарын пайдаланууда ооруну жугузуп алышы мүмкүн. Бруцеллёз менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк оорушат. Себеби, мал чарбасында туут маалында 10 жаштан жогорку эркектер алектенишет.
Бруцеллездон кантип сактануу керек?
Малды төлдөтүү учурунда сөзсүз резина колкап жана өтүк кийип, клеёнка алжапкыч тагыныш керек. 3-6 айлык ургаачы козулардын көзүнө бруцеллёз оорусуна каршы REV-1 вакцинасын тамыздыруу зарыл. Төлдөтүү үчүн атайын жай бөлүштүрүү керек. Ал эми, малдын ичинен түшкөн тондорду тереңдиги 1 метрден кем эмес чуңкур даярдап, ага көмүү керек. Ошондой эле, мал төлдөтүүчу жайга балдарды жолотпогула. Төл учурунда тамеки чекпеш керек жана тамактанбаш керек. Анткени, малды кармаган же тонун кармаган колубуз менен тамекини кармап чегүү аркылуу бруцеллёзду жуктуруп алабыз. Төлдөткөндөн кийин колкап, өтүк, алжапкычтарды жана төлдөтүү болгон жерди дезинфекциялаш керек. Малды союп жатканда ошол эле сактануучу каражаттарды (резина колкап менен өтүк, кленка алжапкычты) пайдалангыла. Сөзсүз түрдө жумуштан кийин колду самындап жуугула демекчибиз. Мындан тышкары, тамакка оорулуу малдан алынган сүт жана эт азыктарын пайдаланууда ооруну жугузуп алуудан сактануу зарыл.