Turmush — «Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 22 жаштагы Айдай Улукбекова. Ал Польшанын борбору Варшава шаарында окуп жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Айдай Улукбекова Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында төрөлгөн.
«2003-жылы күркүрөгөн күздө жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем жөнөкөй эле айылдын фермери. 5 бир туугандын улуусу, сулуусу болом. Элдин маанайын көтөрүп, бир аз пайдалуу маалыматтар менен бөлүшөйүн деген максатта социалдык тармакта блог жүргүзөм. Кичинекей кезимден ата-энем билимге катуу басым жасашкан. Орус мектепте окутуп, 1-класстан эле англис тили кошумча ийримдерге алып барышчу. Атамдын “балдарымды башка өлкөдөн окутам” деген кыялы бар болчу экен. Ошону ишке ашырмакчы болуп, 11-классты бүтөрүм менен мени Американын окуу жайларына тапшыртты. Бирок тилекке каршы визадан жолум болгон жок. Атам “муну менен эле жашоо токтоп калбайт” деп, Европанын окуу жайларына өткөрчү компанияларга жетелеп барды. Ал жагы ийгиликтүү болуп, азыр 2 жылдан бери IT тармагында бакалаврда окуп жаткан кезим. Ага кошумча ар кыл тармакта иштейм. Анткени баскан-турганыма акча керек. Азыр да окуу менен жумушту айкалыштырганга аракет кылып жүрөм», - дейт ал.
Эң биринчи Европага баргандагы сезимдери менен бөлүштү.
«Англис тилинде “culture shock” сөз бар. Жаңы келгенде бир аз көнө албай маданиятына таң калганым бар. Ызы-чуу аз, сени караган эч ким жок, ашыкча баскан киши деле көрбөйсүң, ар бир нерсе өз убакыт-сааты менен. Бул жакка келип, бат-бат басканды үйрөндүм. Автобус, метро жазылган мүнөттө келип, кайра кетип калат. Ошого жетишкенге аракет кыласың. Анткени жолго билет алсаң да, белгилүү бир мөөнөткө эле берилет. Жергиликтүү калк жакшы эле мамиле кылат. Анда-санда өспүрүм балдардын “нихао” деп тийишмейи бар. Бирок аны тамаша катары кабыл алып коем.
Кыйналганым тамак-аш жана аба ырайы болду. Өтө жеңил, витаминдүү, организм бат сиңире алчу тамактарды жешет. Ошондон улам бойлуу, сөөк-саактуу да келишет. А биз майлуу, күчтүү тамак ичип чоңойгонбуз да. Аба ырайына токтолсом көп учурда жамгыр жаайт, бүркөк, кээде эле күндүн көзү көрүнөт. Кышында кар деле жаабайт жана башка Европанын мамлекеттерине салыштырмалуу Польшада жай салкын болот.
Кыргызстандан айырмасы эл үчүн мамлекет бир топ мүмкүнчүлүктөрдү түзүп койгон. Транспорт булуң-бурчка жеткиликтүү. Бат эле шаардын бир башынан экинчисине кыйналбай жетесиң. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да шаар болушунча ыңгайланыштырылган. Жашоо шарты абдан өнүккөн. Поляктар ден соолукка көңүл бөлүп, сөзсүз түрдө спорттун бир түрү менен машыгып, фитнес залдарга барышат.
Бирде мындай күлкүлүү окуя болду. Батир көрүп жатып, “ковёр” кошо алып бересиңерби деп айта албай жатсам, ээси “а диванбы” дейт. “Жоок диван эмес” деп мен болбойм. Көрсө поляк тилинде “ковёр” “диван” болуп айтылат экен.
Бул жакта иштеген, окуган кыргыздар көп эле. Бирок көчөдөн жолуктура бербейсиң. Ар бир айда, майрамдарда чогулуп, иш-чараларды өткөрүп турабыз. Колубуз бошоп калса жолугуп, оюндарды ойнойбуз.
Окуумду бүтүргөн соң, Кыргызстанга барып, кесибим менен иштейм жана көптөгөн ийгиликтерди жаратам деген жакшы ой-максаттарым бар» ,- деди ал.