Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылындагы бала бакчага 2 даана боз үй алынып берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, аталган айылдагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин англис тил мугалими Асел Сапарбаева жана бала бакчанын тарбиячысы Назира Асанбек кызынын аракети менен «Көчмө бала бакча» долбоору ишке ашырылып, натыйжада «Адис-Адилет» бала бакчасына 2 даана боз үй алынып берилди. Бул боз үйлөр жай мезгилинде жайлоо бала бакчасына колдонулат.
«Буга чейин жайлоо бала бакчасын уюштурууда бала бакчага өтө оор болгон. Анткени алар жайлоо бала бакчасын уюштурууда Соң-Көл жайлоосуна боз үй тигүүдө ар кимден ижарага боз үй алып турушкан. Ошол көйгөйдү жөнгө салуу максатында “Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясы” мекемесинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу” юридикалык жактар бирикмесинин" жана “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” программасынын жергиликтүү демилгелерди, анын ичинде аялдардын жана жаштардын лидерлигин колдоо” боюнча гранттык программасы аркылуу иш алып барып, боз үй алдырып бердик. Мындан тышкары, өткөн жылы ушул эле бала бакчанын ашканасында тамак жасоочу, нан бышыруучу техникалары жакшы иштебегендиктен, балдарга тамак жасоодо көйгөй жаралган. Ошол көйгөйдү чечүү максатында долбоор жазып, бала бакчанын ашканасына керектүү жабдыктарды алып бердик», - деди Асел Сапарбаева.