Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 16.02.2016 16:14

«Эл ичи — өнөр кенчи»: Ак-талаалык 33 жаштагы ырчы Б.Жабдасынова комузчу, ырчы, уюштуруучу жана алып баруучу катары таанылган (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 33 жаштагы тургуну Бурулсун Жабдасынова маданий иш-чараларда алып баруучулук жана ырчылык таланты менен таанылып келе жатат, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Б.Жабдасынова Ак-Талаанын Байгөнчөк айылында туулуп, ошол айылдагы орто мектептен билим алган.

Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы исскуство институтунун социалдык-маданий ишмердүүлүктүн менеджери бөлүмүндө окуп, кесипке ээ болгон.

2008-жылдан тартып Ак-Талаа райондук маданият үйундө методист болуп эмгектенүүдө. Райондук администрациянын жана маданият тармагынын бир катар Ардак грамоталары менен сыйланган.

Жергиликтүүлөр аны алып баруучу, уюштуруучу жана фольклордук ырларды мыкты аткарган ырчы катары таанышат. Өзүнүн таланты менен көптөгөн кароо-сынактарда алдыңкы орундарды камсыздап келген.

«Мага комуз чертүү өнөрү таятам Дүйшөмамбеттен өтсө керек. Ал адам комузду укмуш чертчү. Сахна – менин жашоом деп билем. Райондо өткөрүлгөн маданий иш-чараларда алып баруучу болуп, ошол эле убакта кайра сахнага чыгып ырдоого жетишем.

Үй-бүлөлүүмүн, 1 уул, 1 кыздын энесимин», - деди Б.Жабдасынова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×