Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 17.02.2016 14:19

Тарых барактары: Ак-талаалыктарды Үркүн окуясынын азаптарынан сактаган Мусакожо болуштун эрдиктери, - Ө.Дөлөев, акын

Turmush -  Быйыл Үркүн окуясына 100 жыл. Апааттуу ал күндөр кыргыз эли үчүн улуттук боштондук күрөш катары бааланган. Ошол учурда жазалоочу отряддардын колунан 150 миңден ашуун адам каза болду. Үркүндө ач бел, куу жондо ачкачылыктан, катуу сууктан, тар жол, тайгак кечүүдөн, оорудан сөөктөрү көмүлбөй жолдо калган, канчалаган азап-тозокту баштан кечиришип, аман калгандары Кытайга 43 жетишкен. Андагы кыйынчылыктар адам чыдагыс оор абалда болгону тарыхта белгилүү. Мына ошол Үркүндөн элди алардын алдына өзү тике туруп сактап калган Мусакожонун акылмандык, баатырдык жолу улам мезгил өткөн сайын анын келбетин кеңейтип, бараанын чоңойтуп, чыныгы элдик адам экендигин айкындоодо.

Ал саяк уруусунун чыккан Жанболот баатырдын тукуму.

- Мусакожо Жанболоттун Саруу аялынан;

- ал эми улуу аялынан Байбагыш, андан Кубат, Кубаттан Келдибек төрөлгөн.

- Келдибектен Ысрайыл, Нурак, Нурманбет, Шерманбет, Мамбетайып;

- Ысрайылдын улуу аялынан Мусакожо, Аалы, кичүү зайыбынан Калпа, Үсөн.

Булардын Ак-Талаадагы чоң окуяларда башкы өкүл болуп катышуусу да мыйзам ченемдүү.

Өз мезгилинин өтө даанышман, акылдуу, келечекти көрө билген уулу Ысрайыл уулу Мусакожону эл эч качан эсинен чыгарбайт. Ал көп42 жылдар бою эл башында жетик билгилиги, көсөмдүгү, кара кылды как жарган калыстыгы менен турган. Өз убагында Шабданга барып, кадырын салып, Букарбай тилмечти алып келип, аны үйлөп-жайлаган.

Букарбайдын тукуму Ак-Талаада өнүп-өсүп, эл ичинде. Үркүн маселесинде Букарбайдын ролу аябагандай чоң болгону шексиз.

Анткени, орустар менен сүйлөшүүдө тилмечсиз эч нерсе чечилбейт да. Ошондой эле Мусакожо жаратылыштын табигыйлыгын сактоого көп күч жумшаган. Нарын дарыясынын өйүз-бүйүзүндөгү токойлорду кыйдырбай, анын ичиндеги илбээсиндерди, канаттууларды коргоого алдырган.

Кыргоолдорду башка жактан Ак-Талаага алгач алып келдирип, аны көбөйттүргөн. Кара-Ой айылынын күн чыгыш жагындагы нечен гектарлаган талааны тоо этегине чейин бакса коргон менен тостура баштаган. Ал бүткөндө коён, чил, кыргоол, элик жана башка жаныбарларды эркин коё бердиртип, аянтка бак-шак, дүйүм дарактардын көчөттөрүн тиктиртип, бир укмуштуудай жаратылыш паркын түзмөк экен.

Аңгыча жаңы заман келип, тилегине жетпей калат. Коргондун дубалдарынын калганы эми да турат.

Адамдарды мунасалаштыруу, ынтымакка жеткирүүнү Мусакожо көзү өткөнчө өмүр, жашоосу менен нускалап өткөн. Элдин ысыгына да, суугуна да караган, чыдаган. 1905-жылы болуштук иниси Аалыга өтөт. Коңурдун уулдары Ыман, Чоңчарык бир тарап, Жанболоттун уулдары бир тарап болуп, болуштукту талашып, Аалыга ок тийип каза болот. Андан чочуган Ыман чоңчарыктыктар менен ар кайсы жакка көчө качышат. Ошондо «Аалынын кунун алабыз» деп кол курап келгендерди «Өлгөн да өзүм, өлтүргөн да өзүм» деп чыр чыгарбай токтотуп калган.

Үркүн башталганда «Орустун 500 аскери Жалал-Абаддан Көк-Артты ашып, Тогуз-Торого келиптир. Эми Кара-Көөнү артып, Куртка-Терекке келип, элди кырат экен» деген каңшаарды угуп, Куртка эли бүт түрүлүп, жүгүн жүктөнүп, Нарын дарыясынан кечүү издеп, айлалары куруп турат. Соң-Көлдөгү Мусакожо бул суук кабарды угар замат Букарбай тилмечин жанына алып, тоодогу жайлоодо эс алып жаткан жеринен чөлгө чаап түшөт.

Ак-Тал, Терекке ат чаптырып, «Ак-Талдан Үч-Кара-Сууга чейин боз үйлөрдү тиктирип, конок камын жегиле! Аскер да тамак ичет, уктайт. Алар да адам. Кармаса мени кармайт. Элде эмне күнөө», - деп Касымбекке айттырып, биргелешип ынтымакка келишип, келген аскерлерди Букарбай тилмеч аркылуу, айткандай эле эзелки тааныштардай кабылдашып, арып-ачкан, жол азабынан чарчаган 500 жоокерди урматтап тосуп алышып, кең-кесири эс алдырат. Ыраазы болгон аскерлер эч кимге тийбейт, бир да ок чыгарылбайт.

Мусакожо эл башчылары менен бирдикте коштоп узатат. Жигиттери Куланакка чейин жеткирет. Эл ушинтип үркпөй, чөйчөгү төгүлбөй, чайпалган бойдон токтоп калат. Бул ак-талаалыктар үчүн чоң бакыт болгон.
Ошентсе да райондун айрым айылдарынан Кытайды карай жол алышып, бирок анчалык азап көрбөй жетип-жетпей кайра тартышкан. Мисалы Байгөнчөк, Кош-Дөбө сыяктуулардан айрым-айрым гана бир аз топтор.

Үркүндөн кийин Чүйдөн, Жумгалдан, Кочкордон Кытайга «үрккөндөр» кийинки жылдан баштап эле жаңы заман келерин, элге теңдик, эркиндик берилерин угушуп, анын үстүнө Кытайдагы кыйналыштар, жакырчылык, ачкачылык, басмырланып, байлардын астындагы эзүүлөр, тумоолордон, азаптардан, жол азабынан өлгөндөн калганы Торугарттан бери Орто-Сырт ашуусун ашып, эл-жерине кайра тартышат. Мындан Ак-Талга түшкөндөрдү Мусакожо атайын тостуруп, алсырап келе жаткан аларды үй-үйлөргө бөлдүрүп, 2-3 айлап ирденгиче бактырат. Оңоло түшкөнүнө унаа берип, жайдан тартып Молдонун-Белин ашырып, Соң-Көлгө, Кызарт, Жумгалга, Шамшыны ашырып Чүйгө чейин жол көрсөттүрүп, жардам уюштурган.

Сейрек кездешүүчү ушундай чоң эрдик, зор адамгерчилик кайрымдуулук азыркыга чейин элдин эсинде. Ал тургай Үркүндөн келе жаткандардын айрым кыз-кыркындары Ак-Талаанын ар кайсы айылдарына келин болуп калгандары бар.

Акылдуу, көсөм адам жаратылыштын жан досу болгондугу көп айтылат. Жазгы туут маалында эч кимди мергенчиликке чыгарбай, өзү да тоо таянып аңчылык кылган эмес. Уурданып ууга чыккандарга катуу жаза колдонгон. Кайберен, илбээсин да тукумдап, өссүн дечү экен.

Күз мезгилинде Рыскелди аттуу адам бир жолдошу менен Мусакожону Жогорку-Майдын Ак-Зоосуна мергенчиликке алып барат.
Кадырман болушту тосотко отургузушуп, экөө кийик үркүтүп беришет. Көптөгөн текелер каптап өтөт. Болуш тандап туруп бирди гана атат. Акактаган «ай-айтчылар» нааразы боло: «болуш, эмне үчүн атпай койдуңуз?» дешет.

«Экөөңө бир текенин эти жетет да. Кийинки муундарга да керек да», - дейт камырабай.

Аны уккан ак-кыялыктар да Коргондун Кашка-Суусунун Ак-Зоосуна чакырышат. Төрт киши кошо барат. Тосоттон болуш эки гана текени атат. Мында да «Төртөөңө эки эле текенин эти жетет. Мен болсом кийиктин этин жебейм. Калган кайберен башкаларга да керек», - дейт.

Мусакожонун эл башкарганы, табиятка дайыма жан тартып, анын көркүнө көрк кошууга далалаты бүгүн да калкында жомоктой айтылат. Сары-Иймектин Кап деген жерине элди жыйнап барып, карагай көчөттөрүн олтургузганы, Ак-Талга Нарын дарыясынан арык каздырып, тал-теректерди тиктиргени, ага Каралакөз дегенге Ак-Талдын башындагы дөбөгө там салдырып, кароолчу кылганы узун сабак сөз болот. Каралакөздүн небереси Бейшебек өмүр бою токойчу болгон. Ошол теректер эскиргенде, кийин 80-жылдарда отун үчүн даярдатып, китепкана, медпункттарга, мектептерге таратылган.

Элдик болуш айтылуу Сары тайганына кийик каматып, карышкыр, түлкү, коён жана башка жандыктарды алдырган. Олжосун дайыма чогуу баргандарга тең бөлгөн. Аң уулоо бүткөндө Сары тайганын «үйгө бар эми» - деп койсо, ал үрүп отуруп үйгө дароо жетип, андан үй-бүлөсү «болуш кел е жаткан экен» деп билип, алар келгиче тамак асып, белендеп турушкан.

«Иттин атын чыгаргыча, куштун атын чыгаргыла», - деп көп айткан. Кушун колуна кондуруп, жигиттерин ээрчитип, кашкарлык уста жасаган мылтыгын асынып, жаңы карда моокумун кандырган. Анын мыкты мүнүшкөрлүгү да элге үлгү болгон. Алчылантып ат таптап минип, саяпкерлигин көргөзгөн.

Табият ченемсиз сүйүүсү, аны сактоого, күтүүгө көргөн камкордугу менен бирге эң башкысы элге карамдуулугу, бей-бечерага жан тарткандыгы өзгөчө болгон. Орозо айы башталгандан аягына чейин 30 күн бою элди чакырып, ооз ачтырган. Согум маалында, жазда айылдаштарына кур койбой даам сыздырган. Келбеттүү Мусакожо качан болсо элдин чок ортосунда, кептин алдын алып, аштын алдын ооз тийип, нарктуу олтурган, салттуу жүргөн. Өмүр бою кайда жүрсө элге сөзү өткөн.

1929-жылдарда манаптар менен бирге Орунпорго айдалган. Ошол чет жерде жүргөндө аялы Кенжекенин айтымында, 1931-жылы үйүнө жоон топ конок келип, тамак алдыга келгенде Мусакожо: «Туугандар, алдыга келген шыбагаңарды ылдамыраак жесеңер..., убакыт келип калды», - деген. Эл тамактанып, бата кылып, турар кезинде, келген коноктордун алдында болуш жарык дүйнө менен коштошо берген. Сөөгүн Мамбетимин, Боогачы, Казыбек, бала болуш Байгазылар баштаган аттуу-баштуулар Орунпорго алпештеп коюшкан.

Анда багып жүргөн баласы Бакас апасы Кенжеке менен Ак-Талаага өлдүм-талдым дегенде араңдан зорго келишип, кийин Ош тарапка кетишип, дайын-дареги жок болгон. Калкына төбөсү көрүнгөн адамга эли менен бирге кайгырган Казыбек кошок-казалын жамгырдай төккөн.

Андагы «Артыңда калды туягың, атакелеп издерге» дегени, жогоруда белгилегендей бакма баласы Бакастан улам чыкса керек. Негизи Мусакожонун өзүнөн эркек бала туяк болуп калган эмес. Кызы болгон, андан жээндери бар. Жердештери Кара-Ойдо 1995-жылы 15-октябрда болуштун 150 жылдыгын айылдык негизде салтанаттап өткөрүшкөн.

Казыбек казалчынын болушка арнаган кошок-казалы тарыхый мурас катары кылымдарга бааланмакчы.

Ал төмөнкүдөй:

Кайран Мусакожонун,
Кабарын айтам ошонун.
Кайратың кетип ажалдан,
Кабылан элең, бошодуң.
Калыбында турбаган,
Кантейин дүйнө осолун.

Уругуң Саяк жалпыңдан,
Урматтуу элең калкыңдан.
Аселде тагдыр шол экен,
Айрылдык сиздей алтындан.
Акыры жазуу ушул деп,
Айтып калдык артыңдан.
Мына ошол калсын бир нуска,
Мусакожо маркумдан.

Артыгы элең буудандын,
Агасы элең туугандын.
Күлүгү элең буудандын,
Күйөөрү элең туугандын.
Асылы элең буудандын,
Алтыны элең туугандын.
Күндө жыйын, топ болсо,
Күлүгүң чыгып кубандың.
Башыңа дөөлөт келгенде,
Баашайыдай буралдың.
Бактысы тайган адамга,
Паана болуп куралдың.

Салганың кыраан куш эле,
Салтанатың ушу эле.
Аңына тайган туш эле,
Алдырганың жыш эле.

Бүркүтүң бөрү,түлкү алган,
Бирлешкен кишиң мүлк алган.
Ар кимге опоо кылбаган,
Атаңдын көрү шум жалган.
Ал дагы өткөн сиз эмес,
Азретаалы шер балбан.
Он сегиз миң ааламга,
Адилдик кылган Сулайман.
Айланып ажал жеткен соң,
Ал дагы өткөн бул жайдан.
Алты атадан бер жакка,
Ардакталып кудайдан.
Адилет дооран сүрдүңүз,
Арман да жоктур кылайган.

Пайгамбарлар баары өткөн,
Падышалар, хан өткөн.
Өкүнүч жок өлгөнгө,
Өзүңдөй нечен жан өткөн.
Ажалга жанын зар кылган,
Атантай, Жоомарт дагы өткөн.

Карыя сизден айрылып,
Калың журтуң кайгырып.
Олтурабыз бул жерде,
Оренбургду жай кылып.
Жөнөдүңүз кантели,
Бул өмүрдөн тайгылып.

Артка кайтпай сапардан,
Ага-иниңди кейиттиң.
Артыңыз болсун кайрылуу,
Апсели болдуң шейиттин.

Салмагың оор сал элең,
Санжыргалуу жан элең.
Кадырың өтүп калкыңа,
Ханзаадача бар элең.
Карып мискин элиңе,
Коргоп турган жар элең.
Кандай да болсо таяке,
Касиеттүү жан элең.

Акыйкатсыз кармалып,
Алыска келдик айдалып.
Айланып келбес ордуна,
Ар канча айтсам зарланып.
Аттанып келбес сапарга
Ажалга колуң байланып.
Өткөн өмүр-качкан куш,
Өкүнсөң келбес айланып.

Калкынан азган мусапыр,
Карыптар жалгыз биз эмес.
Карыптык менен бул жолдо,
Пайгамбар өткөн сиз эмес.

Бирге келген жолдошуң,
Бирин-бири колдосун.
Түк айрылбас артыңа,
Түбөлүктүү жолдосуң.

Барабар келген калкыңдан,
Байлыгы журттан артылган.
Ардактуу Канат курдашың,
Ал дагы кетти артыңдан.

Илгертеден бирге өскөн,
Акыреттик эрмегиң.
Ар ким өтсө сиздердей,
Арманы болбос пенденин.

Ага кылсын имамды,
Акырет кеткен сиздерге.
Сабыр кылсын кудайым,
Алсыз карып биздерге.
Артыңда калды туягың,
Атакелеп издээрге.

Илгертеден бирге өскөн,
Акыреттик эрмегиң.
Ар ким өтсө сиздердей,
Арманы болбос пенденин.

Ага кылсын имамды,
Акырет кеткен сиздерге.
Сабыр кылсын кудайым,
Алсыз карып биздерге.
Артыңда калды туягың,
Атакелеп издээрге.

Автордун стилистикасы сакталды

Сүрөттөр: Интернеттин алынды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×