Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 17.02.2016 13:39

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Т.Сарпашев Ак-Талаадагы кесиптештеринин ишин текшерди (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев иш сапары менен келип, бир катар өкүлдөр менен жолугушту, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бүгүн, 17-февралдагы жолугушууда жергиликтүү жетекчилер менен биометриялык каттоолордун так жүргүзүлүшү, электрондук документтештирүүнүн артыкчылыктары, алдыдагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодогу биометриялык каттоонун ролу, ошондой эле жарандарды каттоого алууну, жарандык күбөлүктөрүн жаңыртуу жана башка маселелер боюнча талкуу жүрдү.

Мамлекеттик каттоо кызматына тиешелүү мекемелердин иши менен да жакындан таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×