Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 17.02.2016 14:15

Өлкөнүн эң узун бойлуу адамы Жеңишбектин апасы Бишкек шаардык мэриясынан ага берилген батирди тартып албоону суранат (фото)

Turmush -  Бишкек шаардык мэриясы тарабынан өлкөнүн эң узун жараны Жеңишбек Райымбаевге берилген батирди кайра тартып алуу аракеттери көрүлүүдө.

Мындай маалыматты Ж.Райымбаевдин апасы Жаңылкан Кожобекова Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну Ж.Кожобекованын маалыматында айтылгандай, анын баласына берилген батирди кайтарып алуу аракеттери өткөн жылдын июнь айынан бери жүрүп келе жатат.

Эске салсак, 2015-жылдын 1-июнь күнү эң узун кыргызстандык жаран Жеңишбек Райымбаев 36 жашында каза болгон.

«Ошол батирди өлкөнүн эң узун адамы Жеңишбектин музейи кылып койсок болот. Анын арбагы да ыраазы болот эле, эл да музей аркылуу эскерип турмак. Ооруп жатканда кабар албаган эл өкүлдөрү эми батирди эстеп келип жатат», - деди Ж.Кожобекова.

Ал кошумчалагандай, бул боюнча көптөгөн инстанцияларга кайрылган. Бирок оң жыйынтык чыкпай келет.

Маалымат катары айтсак, Жеңишбекке берилген батир жайгашкан бул турак жай 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин жергиликтүү элге, анын ичинен муниципалдык кызматкерлерге берилген.

Бирок ал мэриянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын карамагында болгондугуна карабастан, муниципалдык турак жай башкармалыгы мыйзамсыз негизде элге тараткан.

Андагы жашоочулардын көбү мэриянын, муниципалдык башкармалыктын жана салык кызматынын кызматкерлери.

Жеңишбек ата-энеси менен


А 1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×