Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 25.02.2016 17:25

Ак-Талаа райондук маданият үйү Үркүндүн 100 жылдыгына карата уюштурган «Мырза жигит» сынагына болгону 4 окуучу катышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук маданият үйү тарабынан Үркүн окуясынын 100 жылдыгына карата окуучулар арасында «Мырза жигит» сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу маданият үйүнүн жетекчиси Курманжан Тиленбаева Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, 24-февралда өткөн сынакка Шүкүрбек Бейшеналиев жана Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинен 4 окуучу катышып, Үркүн учурундагы урунттуу көрүнүштөрдү чагылдырган окуяларды аткарып, мекен темасындагы ырларды ырдады.

Жыйынтыгында 4 катышуучуга тең бирдей баа коюлуп, баалуу белектер, маданият үйүнүн дипломдору ыйгарылды.

«Бул сынак боюнча атайын жобо иштелип чыгып, райондогу орто мектептерге таратылган. Бирок 2 гана мектептин окуучулары каатышты», - деди К.Тиленбаева.

Райондо жалпы 18 орто мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×