Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 29.02.2016 08:18

Ак-Талаадагы Кызыл-Белес айыл аймагы шарты катаал болгонуна карабастан донордук уюмдардын долбоорлорунан четте калды, - айыл өкмөт башчы

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айыл аймагы шарты катаал болгонуна карабастан донордук уюмдардын долбоорлорунан четте калды. Бул маселени айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев чет элдик фонддун өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.

Ишкерликти өнүктүрүү тууралуу өткөрүлгөн талкууда белгилүү болгондой, бул жылы аталган айылдан ар түрдүү багыттагы бир катар долбоорлор жазылып, бирок колдоого алынган эмес.

«Биздин айыл борбордон алыс, шарты катаал болуп эсептелет. Бирок ага карабастан биз БУУнун өнүктүрүү программасы сыяктуу долбоорлорго кирбей калдык. Муну калыстык менен карап, бизди да долбоорлорго киргизүүнү суранам», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×