Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 05.03.2016 09:05

Ак-Талаа райондук прокуратурасы 2 томолой жетим баланын укуктары корголбой жаткандыгын кайрадан аныктады

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук прокуратурасы 2 томолой жетим баланын укуктары корголбой жаткандыгын 2-ирет аныктады.

Аймактык кабарчыга маалымдалгандай, 2015-жылдын ноябрь айында прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Чолок-Кайың айылынын тургуну Т.Н. жана Кош-Дөбө айылынын тургуну А.Д. мыйзага тиешелүү укуктарын пайдалана албай келгендиги аныкталып, тиешелүү жактарга сунуш келтирилген. Экөөнүн тең ата-энеси каза болгон.

Бирок, тиешелүү жактар аларды камкордукка алуу тууралуу тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын бирин да аткарган эмес. Андан улам райондун социалдык өнүгүү башкармалыгына 2-жолу прокурордук чара катары мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш келтирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×