Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 07.03.2016 14:37

Келечекте милиция кызматкери болгусу келген ак-талаалык окуучулар РИИБдин ишмердүүлүгү менен таанышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү окуучулар үчүн ачык эшик күнүн өткөрдү, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Берилген маалыматка ылайык, 4-март күнү Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары РИИБдин кызматкерлери менен жолугушуп, милиция кызматкерлеринин жарандардын укугун коргоодогу жана тартип сактоодогу ишмердүүлүктөрү менен таанышып чыгышты.

РИИБдин башчысы Талант Кадыров окуучуларга РИИБдин имаратынын ичин кыдыртып, андагы бөлүмдөр, иш жүргүзүүнүн жолдору менен тааныштырып, көнүгүүлөрдү үйрөттү.

«Учурда биздин кесипке кайдыгер карабаган, кызыккан окуучулар көп. Милиция кызматкери болууну каалаган окуучулар ар дайым келип, кеңеш алып кетет. Биз окуучуларга бул кесип боюнча кеңири айтып берип, алардын окуп, билим алышына дем берүүнү максат кылабыз», - деди Т.Кадыров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×