Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 10.03.2016 08:14

Таштанды тазаланбай, калдыктарды мал жеген Ак-Талаадагы Дөрбөлжүн аянтын ким көзөмөлдөйт?, - жергиликтүүлөр (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтынын арты таштандыга толуп турат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдашты.

Тургундардын айтымында, аталган аянтта бир катар ишкерлер дүкөндөрдө соода-сатык кылышат. Аянттын арт жагындагы таштандылардын дээрлик барын соода кылгандар ыргытып жатат.

«Ошол таштанды чачылып жаткан аянтты малдар аралап, калдыктарды таап жеп жүргөнү көнүмүш адатка айланды. Бул таштанды төгүлгөн жайды ким тазалайт, ким көзөмөлдөйт? Бул маселени көптөн бери айтып келе жатканыбыз менен эч кандай жыйынтык жок», - дешти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×