Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 10.03.2016 16:00

Ак-Талаа районунун 80 жылдыгынын урматына аймактарга 80 түптөн көчөттөр отургузулууда (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун 80 жылдыгынын урматына райондогу айыл аймактарда 80 түптөн кызыл карагайдын көчөттөрү отургузулду, деп маалымдалды райондук администрациядан Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 10-мартта райондук бийликтин демилгеси менен 320 түп кызыл карагайдын көчөтү отургузулду.

Райондук мамлекеттик администрациянын имаратынын жанына 80 түп, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жанына 80 түп, Баетов айыл өкмөтүнүн жанындагы жаңы уюштурулуп жаткан сейил бакка 80 түп жана оорукананын имаратынын алдына 80 түп көчөттү мекеме-ишканалардын кызматкерлери отургузду. Бул саамалыкка Токтобүбү Черикчиева, Нурлан Мааданбеков баш болгон ак-талаалык ырчылар да катышты.

Көчөттөр Өкмөткө караштуу токой чарба агенттиги тарабынан атайын райондун 80 жылдыгына карата берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×