Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 11.03.2016 11:29

Ак-Талаадагы томолой жетим балдарды жакын туугандар багып жатат, - Соцбашкармалык

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунда ата-энесинен ажыраган 2 өспүрүм эң жакын туугандарынын колунда тарбияланып жатат. Мындай маалыматты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан билдиришти.

Мурдараак райондук прокуратура тарабынан Чолок-Кайың жана Кош-Дөбө айылындагы томолой жетим балдар камкордукка алынбай, жөлөк пул чектелбей жаткандыгы маалымдалган.

Буга байланыштуу социалдык өнүгүү башкармалыгы билдирүү жасады.

«Балдардын жакын туугандары райондук сот аркылуу камкорчу болуп дайындалды, алар мамлекеттик жөлөкпулга муктаж эмес. Айыл өкмөтүнүн, социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлери жөлөкпул алууга тиешелүү документтерди даярдоо боюнча сунуштарын беришкен. Бирок алар даярдалуучу документтердин көптүгүнөн жана убактысы жоктугуна байланыштуу мамлекеттик жөлөкпул алууга муктаж эместигин билдирип, материалдык жактан өздөрү камсыздай турганын айтышкан.

Учурда балдарды камкордукка алган туугандары жөлөкпул чыгаруу үчүн документтерди чогултуп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×