Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 11.03.2016 14:57

Ак-Талаанын өнүгүүсүнө салымын кошкон 31 кыз-келинди аялдар кеңеши сыйлады (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук аялдар кеңеши тарабынан 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата 31 кыз-келинге сыйлыктар тапшырылды, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, сыйлоо аземи кечээ, 10-мартта болуп, анда райондун өнүгүшүнө салым кошкон, өз тармагында үзүрлүү эмгектенген кыз-келиндер «КРнын Ардактуу айымы», «Нарын облусунун Ардактуу айымы» наамдарына жана аялдар кеңешинин Ардак грамотасына татыды.

Андан соң келген жалпы конокторго сый тамактар тартылды.

Сыйлык тапшыруу аземине акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, аялдар кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова, ырчылар Токтобүбү Черикчиева, Нурлан Мааданбеков жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×