Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 15.03.2016 08:12

Ак-талаалык дыйкандар Жаман-Даван суусуна курулма курууну суранууда (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун дыйкандары кайрадан Жаман-Даван суусуна суу курулмасын куруу зарылдыгын айтып чыгышты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, кечээ, 14-мартта Ак-Талаа жергесине иш сапары менен келген облус жетекчиси Аманбай Кайыповго жергиликтүү дыйкандар суу маселеси боюнча кайрылышты.

«Бизде эң чоң көйгөйлөрдүн бири сугат суусунун жетишсиздиги. Өзгөчө Баетов, Терек, Ак-Чий жана Кара-Бүргөн айылдарынын дыйкандарында сугат суу көйгөйү күч. Жаман-Даван суусунун башына суу тосмолорун курууну суранабыз. Ал курулса бери дегенде 10 миң гектардан ашык аянтты сугарууга шарт түзүлүп, бир топ жер өздөштүрүлмөк», - дешти дыйкандар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×