Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 16.03.2016 09:45

Ак-Талаада Тарых жана маданият жылына карата мугалимдер арасында сынак башталды (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунда кечээ, 15-мартта Тарых жана маданият жылына карата мугалимдер арасында «Маданиятты көтөрөлү, тарыхыбызды унутпайлы» сынагынын алгачкы туру өткөрүлдү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Дөөлөтбековдун демилгеси жана райондук маданият үйүнүн уюштуруусунда өткөрүлүп жаткан сынактын алгачкы туруна Кара-Бүргөн айылындагы Мукаш Базаркулов орто мектебинин, Жерге-Тал айылындагы Итикул Молдобаев мектебинин жана Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинин мугалимдери катышты.

Финалдык турга М.Базаркулов жана И.Молдобаев атындагы орто мектебинин мугалимдери жолдомо алышты.

Сынактын жүрүшүндө мугалимдер элдик ырларды ырдоо, улуттук аспаптарда ойноо, Үркүндүн 100 жылдыгына карата сахналаштырылган чыгарма көрсөтүү жана Тайлак  баатырдын 220 жылдыгына карата Тайлак баатыр туурасында баяндамадан көркөм окуу тапшырмаларын аткарышты.

22-мартта бул сынакка башка орто мектептердин мугалимдери катышат. Сынак 3 жолу тур өткөрүлүп, 1-2-орунду камсыздаган мугалимдер финалдык турга жолдомо алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×