Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 17.03.2016 13:34

«Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин иши сынга алынды (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун жайыт комитетинин төрагасы Рысбек Каналиев жаштардын айыл аймактар боюнча иш жүргүзө албагандыгын айтып, сынга алды, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 17-мартта жаштардын форуму болуп өттү.

Анда сөз сүйлөгөн Р.Каналиев «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесинин жаштары жетиштүү деңгээлде иш жүргүзө албай жатканын белгиледи.

«Жаштар коомунун төрагасы болуу — сыймык. Төрагалыкты туура колдонуп кеткен жаштар келечекте жетекчилик кызматтарга чейин барат. Бирок, акыркы учурларда жаштардын жасап жаткан иштери солгундап кетти. Эң чоң кемчилиги катары айылдагы жаштар дээрлик «Ак-Талаа жаштары» коомдук бирикмесине тартылбай калгандыгын айтууга болот. Алар менен тыгыз иш жүргүзүлгөн жок», - деди ал.

DSC_0882

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×