Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 18.03.2016 16:14

Баетов айылындагы бала бакчада сүмөлөк кайнатылды (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылында жайгашкан «Жаш балаты» бала бакчасында Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатылганын аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 18-марттагы иш-чарага бала бакчада тарбияланып жаткан балдардын ата-энелери, Ак-Талаа райондук кеңештин төрагасы Талант Рысбаев, эмгектин ардагери Алый Малдыбаева катышты.

Ошондой эле бала бакчанын тарбиялануучулары ата-энелерине концерт тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×