Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 21.03.2016 09:01

Ак-Талаада улуттук ат оюндар боюнча мелдешке 30 миң сом байге коюлду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндар боюнча айыл аймактар аралык мелдеш өткөрүлүүдө, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Мелдеш «Тайлак баатыр» балдар спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу жана Баетов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Талант Турусбеков тарабынан уюштурулган.

Көк бөрү, эр эңиш, кунан чабыш, жорго салыш боюнча күч сынашууга айылдардын спорт сүйүүчүлөрү келишти.

Аталган мелдештин жалпы байге фонду 30 миң сомду түзөт. Мелдеш 2 күнгө созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×