Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 21.03.2016 11:40

Ак-Талаанын Баетов айылынан СССР учурунан берки таштандылар чыгарылды (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынан бир күндүн ичинде 300 тонна таштанды чыгарылды. Айылдык жеке ишкерлер Улан Шерипбек уулу жана Черленс Азимжановдун колдоосу менен аталган айыл таштандыдан арылды, деп маалымдады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, 19-март күнү бул 2 ишкер саат 09:00дөн тартып 21:00гө чейин техникалардын жардамы менен айылдан Советтер союзу кезинде курулган курулуш таштандыларынан өйдө чыгарды.

Айылды таштандыдан арылтуу үчүн ишкерлер 10 миң сомдон ашык каражат жумшагандыгы маалым болду.

Жакшы саамалыкты жасаган ишкерлерге жергиликтүү тургундар тарабынан ыраазычылыктар айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×