Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 21.03.2016 14:29

Айыл турмушу: Ак-талаалык К.Орозматова 5 жылдан бери жыл сайын 10 литр сүмөлөк кайнатып, элге таратып келет (фото)

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 60 жаштагы тургуну Кымы Орозматова апа 5 жылдан бери сүмөлөк кайнатып, Нооруз майрамында элге таратарын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Апанын айтымында, Нооруз майрамына 10 күн калганда сүмөлөк бышырууга даярдыктарды көрүп, кошуналарын, балдар-кыздарын, курбуларын, туугандарын чакырып, чогуу кайнатат.

«Мен 5 жылдан бери сүмөлөк кайнатып, тилек кылып, элге таратып келем. Негизи 7 жыл тынбай сүмөлөк бышырып, элге таратыш керек экен. Нооруз майрамы сайын 10 литр сүмөлөк бышырам. Сүмөлөк бышырууга 3 миң сомдун тегерегинде каражат жумшайм. Ага 7 азыктын түрүн кошуп, 24 саат кайнатам. Элден бата алуу үчүн, жакшы тилектерди ыроолоп балдар-кыздарым чыныларга салып алып, элге таратабыз. Сүмөлөк бышкан кезде, өңү шоколаддын өңүндөй болуп, салынган таштар шагырап калат» - деди К.Орозматова.

К.Орозматова 35 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип келе жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×