Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-февраль
Нарын облусуАк-Талаа району 22.03.2016 08:52

Ак-Талаада Ноорузга карата уюштурулган көк бөрү таймашы жыйынтыкталды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда айыл аймактар араcында өткөрүлүп жаткан көк бөрү оюнунун жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 20-мартта башталган мелдештин финалдык оюну кечээ, 21-мартта «Бермет-Жал» ат майданында жыйынтыкталды.

«Тайлак баатыр» балдар спорт мектебинин директору Билимбек Капарбек уулу жана Баетов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Талант Турусбековдун биргелишип өткөргөн көк бөрү мелдешинде 1-орунду Кызыл-Белес айылынын жигиттери, 2-орунду Ак-Кыя айылынын жигиттери, ал эми 3-орунду Баетов айылынын жигиттери ээлешти.

Жеңүүчүлөргө аларга акчалай сыйлыктар жана дипломдор ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×