При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото - Ак-Талаада мыкты мугалимдер менен тарбиячылар аныкталды

Turmush -  Ак-Талаа районунда мугалимдер менен тарбиячылардын ортосунда өткөрүлүп жаткан «Жыл мугалими - 2017» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 19-20-май күндөрү өткөн сынакка жалпы 33 мугалим катышып, окуу куралдарынын көргөзмөсү, педагогикалык, философиялык көз караштар, сапаттуу сабак өтүү жана башка тапшырмаларды аткарып беришти. Жыйынтыгында Кара-Бүргөн айылынын Мукаш Базаркулов атындагы орто мектебинин мугалими Мээрим Борбукеева «Жыл мугалими» жана Кызыл-Белес айылынын Кадыраалы бала бакчасынын тарбиячысы Жыпар Курманалиева «Жылдын мыкты тарбиячысы» деп табылып, баш байгеге ээ болушту. Алар Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо алышты.

Ал эми, 1-орунду Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин мугалими Эсенгулова, Ак-Чий айылынын «Нур-Эл» бала бакчасынын тарбиячысы Нурзат Маатказиева ээледи. 2-орунга Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин мугалими Гүлнур Ибраевага, Кара-Бүргөн айылынын «Жамал-Апа» бала бакчасынын тарбиячысы Медина Бектурова чыкты. Ал эми, 3-орунга Жаңы-Талап айылынын Байымбет атындагы орто мектебинин мугалими Жеңишбек Абасканов жана Коңорчок айылынын «Кубан бөбөк» бала бакчасынын тарбиячысы Асел Мусаева жетишип, баалуу белектерге ээ болушту.

Ошондой эле, сынакка активдүү катышкан мугалимдерге жана тарбиячыларга дипломдор жана кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Иш-чарага Баетов айылынын тургуну Талант Рысбаев жана райадминистрация демөөрчүлүк кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1509
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу