Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Үгүт айылындагы апаларга сый тамак тартууланды

Turmush -  Ак-Талаа районунун Үгүт айылында Энелер күнүнө карата сый дасторкон уюштурулуп, баатыр энелерди сыйлоо аземи өткөрүлгөндүгүн аймактык кабарчыга айыл тургуну Бегай Жүзманбетова билдирди.

Маалым болгондой, 21-май күнү айылдагы ар бир квартал сый дасторкон уюштуруп, баатыр энелерди чайга чакырышты. Анда энелер ортосунда сынак уюштурулуп, ырдоо, бийлөө, мыкты бата берүү, дубал гезитин уюштуруу тапшырмалары аткарылды.

Жыйынтыгында «Таланттуу үй-бүлө», «Ажарлуу апа», «Мыкты кайын эне» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 783
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×