При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Талаада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Т.Акималиевге жердештери автоунаа белек кылышты (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 31 жаштагы тургуну Таалайбек Акималиевге жердештери «Одиссей Хонда» үлгүсүндөгү автоунаа алып беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, айылда 1986-жылы төрөлгөн жигиттер ар жуманын дем алыш күндөрү кичи футбол боюнча мелдеш уюштурушкан. Анда, мелдешке чыккан ар бир команда байге фондусуна деп 500 сомдон каражат топтошкон. Мындан тышкары, Бишкек шаарында да бир нече мелдештер жана марафон өткөн. Бул оюндардан топтолгон каражатка Таалайбек Акималиевге унаа алып берип, аны кечээ, 22-майда тапшырышты.

Автоунааны тапшыруу иш-чарасына Т.Акималиевдин жердештери, достору, айыл аксакалдары жана райондун имамы Жаныбек Жээнбеков катышты.

Автоунаа жалпы 215 миң сомго алынган. Анын 93 миң сому Бишкекте жана Ак-Талаада өткөрүлгөн марафондон жана футболдук мелдештерден түшкөн. Калган каражатты жеке ишкерлер жана «Ак-Талаа ынтымагы» коомдук бирикмеси каржылады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1611
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×