При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Талаанын «Ак Мөөр сиңдилери» тобу түрк элине өз өнөрлөрүн тартуулашты (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы апалардан түзүлгөн «Ак Мөөр сиңдилери» тобу Түркиядагы «Маданият, көркөм өнөр жана туризм» III фестивалына катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган топтун көркөм жетекчиси Бурул Дүйшеева билдирди.

Маалым болгондой, аталган апалар тобу 10-майдан 16-майга чейин өздөрүнүн өнөрлөрүн түрк элине тартуулап келишти.

«9-майда бизди Стамбул шаарындагы аэропорттон 22 миллион калкы бар Бартын шаарына алып кетишти. 6 күнгө созулган фестивалга катышып, өз өнөрлөрүбүз менен элге жакшы маанай тартуулап келдик. Алар биздин ыр, бийлерибизге аябай кызыгуу менен карап, колдоп-коштоп турушту. Андан сырткары, Амасра шаарында, Кара деңиздин жээгинде болдук. Тарыхый жерлерди көрдүк. Бизден башка Черногориянын, Македониянын маданият кызматкерлери да катышты», - деди Б.Дүйшеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1148
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×