При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Талаада Ат-Кулак суусу кирип, айдоо аянттарына коркунуч жаратууда (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы Ат-Кулак суусунун деңгээли көтөрүлдү. Айылдагы айдоо аянттарын суу каптап кетүү коркунучу пайда болуп жатканын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, учурда суунун жээгин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан керектүү каражаттар жана мүшөктөр берилген.

«Учурда суу катуу кирип жатат. Эгерде аба ырайы дагы жогоруласа абал оорлошуп кетүүсү толук мүмкүн», - деди айыл өкмөт башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 441
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×