При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Кыядагы мектептин окуучулары чатырларда окуп жатышат (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы А.Абдраимов атындагы орто мектебинин имараты авариялык абалда болгондуктан, мамлекеттик сынакты окуучулар чатырларда тапшырышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган мектептин 1-2-имараттары толук жарактан чыгып, андагы окуучулар айыл өкмөттүн имаратына, айылдык клубга жана китепканага көчүрүлгөн. Ал эми, ашкана, китепкана жана лаборатория үчүн боз үйлөр тигилген.

Бирок, окуучуларга аталган коопсуз имараттар тардык кылгандыктан, кошумча 2 чатыр тигилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 540
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×