Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Фото - Ак-Кыяда окуучулар үчүн тигилген боз үй менен чатырларды катуу шамал учурду

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылындагы авариялык абалда турган А.Абдраимов атындагы орто мектебинин короосуна окуучулар үчүн тигилген боз үй менен чатырларды катуу шамал учуруп кеткенин жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 28-майда болжол менен саат 15:33 чамасында катуу шамалдын кесепетинен ӨКМдин чатырлары жана мектеп тарабынан тигилген 2 боз үй кыйрап калган. Азыркы тапта аларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

 Буга чейин Turmush басылмасына маалым болгондой, Ак-Кыя айылындагы А.Абдраимов атындагы орто мектебинин имараты авариялык абалда болгондуктан, мамлекеттик сынакты окуучулар чатырларда тапшырышмак.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган мектептин 1-2-имараттары толук жарактан чыгып, андагы окуучулар айыл өкмөттүн имаратына, айылдык клубга жана китепканага көчүрүлгөн. Ал эми, ашкана, китепкана жана лаборатория үчүн боз үйлөр тигилген.

Бирок, окуучуларга аталган коопсуз имараттар тардык кылгандыктан, кошумча 2 чатыр тигилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 899
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×