При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Эртең менен өлкө аймагында жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 30-майда саат 08:00дө Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Ак-Шыйрак тоо кыркасында, Коңорчок айылынан түндүккө 15 чакырымда, Үгүт айылынан түштүк-батышка 17 чакырымда, Көк-Жар айылынан түштүк-батышка 20 чакырымда, Ак-Талаадагы Баетов айылынан түндүк-батышка 30 чакырымда, Жалал-Абаддагы Казарман айылынан чыгышка 50 чакырымда жайгашты. Жер титирөөнүн күчү Үгүт, Коңорчок айылдарында 2 баллга жетти.

Кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп билдирди ӨКМ.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 563
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу