При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Талаада катуу шамал 5 айылдагы 26 үйдүн чатырларын учуруп кетти (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун 5 айылындагы катуу шамал айрым турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти. Маалым болгондой, 28-майда болжол менен саат 14:00дөн 16:30га чейин куюн аралаш катуу шамал болуп, Ак-Кыя, Жаңы-Талап, Тоголок Молдо, Ак-Тал жана Үгүт айылдарындагы 26 турак үйдүн чатырларын  учуруп кеткен.

Азыркы учурда турак үйлөрдүн ээлери шамалдын кесепетинен канча чыгым болгондугу тууралуу тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал эми, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук өкүлчүлүгү өкмөттүн №703 токтомуна ылайык. табигат кырсыгынан жабыр тарткандарга эч кандай жардам берилбестигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 782
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×