При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ак-Талаада «Манас, маданият жана туризм» фестивалы өтөт (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда «Манас, маданият жана туризм» фестивалынын 4-сезону өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райадминистрациядан билдиришти.

Акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулаймановдун билдиргенине караганда, аталган фестиваль Ыйман, адеп жана маданият жылына карата 8-июнда Баетов айылындагы Адилет Карасартов атындагы сейил бакта уюштурулат.

«Учурда фестивалды өткөрүүгө даярдыктар башталды. Бул фестивалга маданият тармагы боюнча тажрыйба алмашуу максатында Тогуз-Торо районунун өкүлдөрү да катышат. Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, «Манас» эпосунан үзүндү айтуу, сулуулар сынагы уюштурулат», - деди ал.

Эске салсак, аталган фестиваль биринчи жолу 2014-жылы Баетовдогу Дөрбөлжүн аянтында, 2015-2016-жылдары Соң-Көлдө өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 696
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×