Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Фото - Үгүт айылындагы дамбаны Нарын дарыясы агызып кетти

Turmush -  Ак-Талаа районунун Үгүт айылында Нарын дарыясынын сол тарабындагы №1 дамбанын 5 метр жерин суу жеп кеткенин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган дамба жогорку кубаттуулуктагы электр линияларын, Нарын — Баетов — Казарман автожолун, Үгүт айылын жана андагы электр станциясын селден сактоо максатында курулган.

Суу алып кеткен дамбаны кайра калыбына келтирүү максатында ӨКМдин облустук өкүлчүлүгү тарабынан күйүүчү май берилип, райондук №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан 500 тонна таш ташылды. Учурда дамбаны бекемдөөгө аракеттер көрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1219
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×