При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Нарын дарыясындагы чоң көпүрө кыйроо коркунучунда турат, - Ак-талаалыктар (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунда Нарын дарыясындагы чоң көпүрө көп келген суудан улам чөгүп жаткандыгын жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Маалым болгондой, Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин ушул жылдын 16-майындагы №94 буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия көпүрөнү жеринен иликтөөгө алышкан. Иликтөө учурунда көпүрөнүн №3 тирөөчү 42 сантиметрге чөгүп, №4 тирөөчү кыйшайып, №2 жана №3 пролеттору ийилип калгандыгы жана бириктирилген жерлери бузулуп, автоунаа жүрүүчү жолдун абалы начарлагандыгы аныкталган.

Бул көпүрө аркылуу Тоголок Молдо, Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Кызыл-Белес айылдарына, Соң-Көл жайлоосуна жана Тогуз-Торо районуна каттамдар өтөт. Көпүрө 1967-жылы курулуп, 1981-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөн. Андан бери бир дагы жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5631
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×