При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото, видео: Ак-Талаа районунда Балдарды коргоо күнү белгиленип, таттуулар таратылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 1-июнь — Балдарды коргоо күнү белгиленип, кичинекей бөбөктөргө белектер таратылгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондук маданият үйүндө Баетов айылынын «Тынчтык» жана Кара-Бүргөн айылынын «Жамал апа» бала бакчасынын тарбиянуучулары тарабынан даярдалган чакан программадагы концерт тартууланды.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө райондун акими Семетей Черикбаев бөбөктөрдү майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды.

Мындан тышкары, райондук ички иштер бөлүмү тарабынан 400 балага балмуздак, ал эми «Кызыл Ай» коому тарабынан таттуулар таратылды.

Ошондой эле, Ак-Талаа районунун алыскы Кош-Дөбө айылында да Балдарды коргоо күнү белгиленип, айыл өкмөт тарабынан 300гө чукул бөбөктөргө йогурт таратылды. Майрамдык иш-чара оюн-зоок жана концерттик программалар менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 862
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу