При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Нарын—Баетов унаа жолу оңдолуп жатат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Нарын—Баетов унаа жолунда аң-чуңкурларды жамоо иштери жүргүзүлүп жатканын аймактык кабарчы билдирди.

Райондук №15 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Ажыбай Исаевдин айтымында, Нарын—Баетов жолундагы 83-120-чакырымдагы асфальт жолдун, ошондой эле Нарын—Казарман жолундагы 2 чакырым асфальт жолдун тешилип калган аң-чуңкурларын жамоо иштери башталган.

«Иштин башталганына 20 күн болду. Аба ырайы кескин өзгөрүлүп, жаан-чачын болгону иштин тез бүтөшүнө кедергесин тийгизип койду. Кудай буюрса, күн ачык турса 2-3 күн аралыгында бүтөбүз. Асфальт жамоо иштерин жыл сайын жүргүзөбүз», - деди А.Исаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 841
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу