При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Тарых инсаны: Ак-талаалык обончу жана аткаруучу Д.Ажиев 30га жакын жылдыздуу чыгармаларды жаратты (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылында 1941-жылы жарык дүйнөгө келген обончу жана аткаруучу, акын Дербишкан Ажиевдин таланты жана тагдыры туурасында Turmush басылмасынын кабарчысы маалыматтарды топтоду.

_DSC0587

Кайталангыс өнөрдүн ээси 1959-жылы орто мектепти аяктагандан кийин, Токмоктогу механизация техникумунда окуган. Эмгек жолун Орто-Сырт чарбасында токарь жана устакана башчысы болуудан баштаган. Кийин мектепте мугалим, андан соң айылдык клубдун башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген.

Ал 1963-жылы алгачкы обонун жараткан. Андан кийин эл ичинде белгилүү болгон бир катар обондуу ырлардын автору болууга жетише алган. Алсак, «Гүл ыргытсам», «Өзүң бил», «Көк ойрок», «Колхоздогу курбума», «Жыргалым», «Сенин, менин издерим», «Эңсөө» жана башка 30дай обондуу ырларды чыгарды. Бул обондорунун 14ү кыргыз музыкасынын фондусуна жазылып алынган. Мындан сырткары, «Шаштырма» сыяктуу комуз күүлөрүн дагы жаратты.

Өз кезегинде Д.Ажиевдин замандашы, улуу комузчу Нурак Абдрахманов ал туурасында мындай деген пикирин калтырган экен: «Д.Ажиевди көптөн бери билем. Ал «Өзүң бил» деген ырын ырдаганда зал жарылып гана турчу. Аккордеонду да мыкты жана аябай ийкемдүү тартчу. Даңктуу обончу жана аткаруучу Рысбай Абдыкадыров Декемдин (Дербишкан дегени) «Өзүң бил» деген ырын аткаруу менен өзүнө бир топ барк алган. Бирок, ошол кезде бул ырды элдер Рысбайдыкы дешкен. А, чынында Рысбайдыкы эмес эле».

Н.Абдрахмановдун айтымында, Рысбай Абдыкадыров Дербишкан Ажиевге: «Өзүң бил» чыгармасын жараткан обончу укмуш жана мыкты. Андан бийик, жылдыздуу обонду жараткан адамды алигиче жолуктура элекмин», - деп баа берген.

Ал эми, Д.Ажиевдин күйөө баласы, шакирти Бейшенаалы Ободоев устаты абдан кичи пейил адам экендигин айтты.

«Өтө карапайым, кичи пейил, адамды баалап жана урматтай алган инсан эле. Ал кимибизге болбосун өз баласындай, бир боорундай мамиле кылчу», - деди ал.

Д.Ажиев 1988-жылы ооруга чалдыгып, анын кесепетинен 12 жолу операция болгон. 1990-жылы 49 жашында көз жумган. Ал ооруп жаткан учурда бул ырды жазган экен.

Палатада

Таттуу ой талкаланып, быркырап,
Түшкө кирсе, иттер кирип ыркырап.
Баш көтөрбөй, басып жөтөл энтигип,
Палатада оору жатат тунжурап.

Саат, күн, ай, жылдар да алмашып,
Адам жатат ажал менен арбашып.
Кер сары өңү, кеберсиген эриндер,
Шалдыраган денесинен кан качып.

Ажал айтат: Аламын деп жаныңды!
Арбап кыйнап, алкымына жармашып.
Адам айтат: Аз да болсо жашоого,
Өтөмүн деп, сени менен кармашып.

Анын 1 кыз, 3 уулу бар. Д.Ажиевдин аты Баетов айылынын бир көчөсүнө жана айылдык клубга берилген.

Талант ээси көптөгөн республикалык сынактардын лауреаты болууга да жетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 960
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:48,   19.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу