При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Тарых инсаны: У.Салиевадан кийин атып өлтүрүшкөн ак-талаалык башкарма К.Эдигеевдин баяны (фото)

Turmush -  СССР деген сүрдөөлөт (империя) өлкөнүн өз доору сүрүп, өкүмү жүрүп турган мезгилде мыкаачылык менен мууздалып өлтүрүлгөн Уркуя Салиева аттуу башкарманы билбеген жан болбосо керек. Анын үй-бүлөсү менен аоёсуз өлтүрүлүшү, ушул сүрдөөлөт өлкө ичинде үрөй учурган кандуу окуялардын бири катары тарыхта кара тамгалар менен жазылып калган. Ал тургай, жазуучу Насирдин Байтемиров тарабынан «Тарых эстелиги» аттуу повесть жазылганын жумурай журт жакшы билебиз. Ал кезде мамлекеттик кызматкерлердин аброю бийик болуп, бир айылдын башкармасы тургай, бригадирдин атын укканда жумушчулар айбыгып, коркуп турушчу дешет ошол мезгилди жакшы билген аксакалдар.

Мына ушул окуядан соң, дагы бир үрөй учурган кандуу окуя Ак-Талаа районунун Жеңиш колхозунда (азыркы Кара-Бүргөн айылы) кайталанган. Тактап айтканда, аталган колхоздо башкарма болуп иштеп жаткан Кадырбек Эдигеев иш бөлмөсүндө мылтык менен атылган.

Рисунок18

Кадырбек Эдигеев 1939-жылы 9-мартта Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында туулган. Караке уруусунан болгон. Жердештеринин айтымына караганда, Кадырбек атасынан жаш кезинде эле айрылып, аны энеси Өзгөндө өзүнүн төркүндөрүндө чоңойткон. Орто мектепти мыкты окуп бүтүп, Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүнөн билим алып чыккан. Окуу жайды бүткөн соң, Тогуз-Торо районунда өз кесиби боюнча эмгектенип, кийин Ак-Талаага келип, ветеринардык кызматын аркалаган. Анда, ал өзүнүн мыктылыгын көрсөтүү менен ветеринардык лабораториянын жетекчиси болуп иштеп жүрүп, 1966-жылы Жеңиш колхозуна башкармалыкка жиберилген. Эмгекте жетишкен ийгиликтеринин аркасы менен «Эмгек Кызыл Туу», «Ардак белгиси» ордендери жана бир катар ардак грамоталардын ээси болууга жетишкен.

Рисунок19 Райондо алдыңкы башкарма катары таанылып, аталган колхозду дагы алдыңкы колхоз катары таанытып, өстүрүп-өнүктүргөн башкарма К.Эдигеев кимге жакпай калды? Кимдер көралбастыкка барып, кимдер анын өлүмүн каалады? Ушул кезге чейин табышмак бойдон калып, эл ичинде бул кандуу окуя ооздон оозго өтүп айтылып келет.

Окуя туурасында кыскача баяндай турган болсок, Жеңиш колхозунун башкармасы Кадырбек Эдигеев менен аталган колхоздо жүк тартуучу автоунаанын айдоочусу Токон Рыскуловдун (белгилүү обончу Калмурат Рыскуловдун атасынын агасы) кандайдыр бир себептерден улам ич ара мамилелери келишпей, ыйкы-тыйкы болуп калышы, башкармага каршы чыгып жүргөндөрдүн чырагына май тамып, экөөнү ого бетер бир-бирине кайрап турган айрым адамдар болгон тура. Учурдан пайдаланышып, эсеп кызматчыларыбы, айтор бирөөлөр Т.Рыскуловго «сенин айлык маянаңды башкарма бердирбей жатат» деп жамандашкан экен.

Күз келип, түшүм майрамы белгиленген күндөн көп өтпөй, башкарма К.Эдигеев кышка карата даярдыктарды көрүү максатында кыштоолорду кыдырып бара жатса, курулуш материалдарын жүктөгөн Т.Рыскуловдун автоунаасы токтоп турганын көрөт. Унаанын жанына К.Эдигеев барган учурда Т.Рыскулов мас болуп уктап жаткан болот. Буга ачуусу келген башкарма «бул эмне кылганың? Тигил жакта мал сарайлар оңдолбой жатса, курулуш материалдарын жеткирбейсиңби. Жүгүңдү түшүрүп, машинаны өткөрүп бер» деп тилдеп кетет. Ошентип, башкарма кыштоолорду кыдырып, жумуштарын бүткөн соң, иш бөлмөсүнө келип, кызматкерлери менен отурган кезде Т.Рыскулов мылтык көтөрүп келип, К.Эдигеевге карата бир ок чыгарат дагы сыртты көздөй качып жөнөйт. Жарадар болгон башкарма Токондун артынан чыгып, экөө кармаша кетет дагы тигинин колундагы мылтыкты жулуп алат. Бирок, ок тийген адам соо калчу беле, күрөө тамырынан аккан кан токтобой, Кадырбек Эдигеев райондук ооруканага жеткенде каза болуп калат.

Ал эми, аны атып салган Т.Рыскулов автоунаасы менен ылдыйды көздөй качат. Ал тургай, кесүүдөн тарап жаткан койлорду да карабай, аларды тепселеп өтүп кетет. Бул учурда Токонду эч ким эстеген да эмес. Ал айылдын түштүк тарабындагы кыядан чыгып, андан ары Ылаачын-Уя аттуу тоонун этегине барып, үстүндөгү адырга чыгууга аракет кылган. Бирок, тик тоого автоунаа чыкчу беле? Бир аз жүргөндөн кийин, чимирилип артка түшкөн дагы, Токон өзү автоунаасынын бортуна асынып өлгөн. Ошол машинанын дөңгөлөгүнүн изи 4-5 жыл тоонун бетинде тарыхтын тамгалары сыяктуу кетпей турду.

Бирок, буга эч ким ишенген эмес. Анткени, «ГАЗ-51» автоунаасына муунуп өлүүгө мүмкүн эмес дешкен. Анын бийиктиги адамдын бою тикесинен турса жеткидей эле деңгээлде. Демек, башында айтылгандай, К.Эдигеевди көрө албай, ага кастарын тигип, Т.Рыскулов экөөнү кайраштырып жүргөндөр, акыры атылган башкарманын арты ызы-чуу болорун билишкен. Ошол окуяларды уюштурган кутумчулар Токондун артынан барышып, билинбей калсын деген максат менен аны өлтүрүшүп, андан соң бортуна асып коюшкан деген божомолдор бар. Окуянын күбөлөрүнүн айтымдарында, орган кызматкерлери барган учурда Токон машинанын бортунда тизеси жерге тийип муунуп турган экен. Ал эми, айрымдары Токон камалып кетерин билген да. Ал кезде, мамлекеттик кызматкерди өлтүргөндөргө катуу чаралар колдонулган. Ошондуктан, ал өзүн-өзү эле өлтүргөн деген кептер, азыркыга чейин эл оозунда айтылып келет. Бул боюнча канчалаган иликтөө, тергөө иштери болбосун, окуянын чоо-жайы табышмак бойдон кала берген.

Ошентип, 1973-жылдын 30-сентябрь күнү СССР деген сүрдөөлөт өлкөдө Уркуя Салиевадан кийин, экинчи башкарма киши колдуу болуп каза болгон. Бул, учурунда бүткүл союз өлкөсүндө үрөй учурган окуя болуп кала берди.

К.Эдигеев Жеңиш колхозунда 7 жыл башкарма болгон экен. Анын өмүрлүк жубайы Сакин Мамытова медайым болуп эмгектенген. К.Эдигеев каза болгондо, улуу кызы Анаркүл Эдигеева 9 жашта, учурда белгилүү журналист Жеңишгүл Эдигеева (кызы) 6 жашта, андан кийинки уулу Бакыт Эдигеев 4 жашта, дагы бир белгилүү журналист, публицист Жеңишбек Эдигеев 2 жашта жана кичүү уулу, буга чейин Кош-Дөбө айылында айыл өкмөт башчысы болуп иштеген Марат Эдигеев төрөлгөнүнө 4 ай гана болгон экен.

Кошумчалай кете турган болсок, Кадырбек Эдигеев калем кармап, чыгармачылыкка жакын болуп, ыр жазган. Анын, «Кош-Дөбөм», «Маягы Тогуз-Торонун», «Агайыма» жана башка ырларына обондор чыгарылып, ушул кезге чейин эл ичинде ырдалып жүрөт.

К.Эдигеевдин ысымы Кош-Дөбө айылындагы бир көчөгө ыйгарылган.

Бул башкарма тууралуу маалымат райгезиттин редактору, акын жана журналист Өмүрбек Дөлөевдин баяндамасынын негизинде жазылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2782
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×