При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Тарых инсаны: Жарк этип күйүп, кайра жалп өчкөн ак-талаалык К.Рыскуловдун таланты жана тагдыры (фото)

Turmush -  Аз өмүрүндө көптү жасап, керемет чыгармалардын ээси болууга жетишкен ак-талаалык айтылуу обончу, ырчы Калмурат Рыскулов туурасында аймактык кабарчы маалыматтарды топтоду.

К.Рыскулов - 1974-жылы 18-октябрда Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылында туулган. Ал саяктын чоңчарык уруусунан чыккан. Бектемирдин 5 уулунун бирөөсүнөн Турдубай, Турдукан тараган. 1905-жылдары өрөөндө «ак черүү», «кара черүү» болуп кармашып, болуштукту талашуу сыяктуу тууган ичиндеги чыр-чатактардын коогасы менен чоңчарыктарды куугун-сүргүнгө алышып, Коңорчокко, Кара-Бүргөнгө жер оодартышкан. Турдубай эр жүрөк, баатыр, кайраттуу, намыскөй адам болуп чыгып, ал кездеги бийликке каршы аттанып турган. Андан Куламурас, мындан Темирболот, андан Шарипа деген кыз тараган. Турдукандан Разабай, Мырзалы, Рыскул, Оруке, кыздары Күлүйпа, Насийпа, Ийпалар төрөлгөн. Рыскулдан Жумаалы (5 жашында чарчап калган), Токтонаалы, Бекжанаалы, кызы Жыргал, анан уулу Болотаалы туулган. Токтонаалыдан Кубан, кызы Роза, Венера, ал эми Бекжанаалыдан Талант, Гүлмурат, Калмурат, кыздары Бактыгүл, Керээз, Болотаалыдан Турдубай, дагы 5 кыз төрөлгөн.

Kake

Коңорчокто туруп калышкан Турдубай менен Турдукандын сөөгү Ак-Кыянын Ой-Чий деген жерине коюлган. Турдукандын Рыскулунун балдары Жеңиш колхозунун Кара-Бүргөн айылын мекендешкен. Токтонаалынын тукумдары ошол жерде болгон. Анын бир тууганы Бекжанаалынын балдары Ак-Кыяны, Жаңы-Тилек айылын таекелеринин мекенин жердешкен.

Калмураттын өз атасы Бекжанаалы мурунку МАИ кызматында иштеп, Ак-Кыя айылында жашаган. Апасы Кубул Жолдошова Ак-Чийден болгон. 1975-жылы Калмураттын бир жашында атасы Бекжанаалы автокырсыктан дүйнө салган. 1973-жылы сентябрдын аягында Бекжанаалынын бир тууганы Токтонаалы Жеңиш колхозунда айдоочу болуп иштеп турган. Ал мас абалында колхоздун башкармасын 30-сентябрда мылтык менен атып, ал киши 34 жашында октон улам каза болуп калган. Токтонаалы да өз өмүрүн кыйган. Албетте, совет доорундагы мындай каргашалуу окуя, орган кызматкери Бекжанаалыга чоң таасир эткен, кызматтык жолу торолгон.

Апасы Кубул 22 жашында Талант, Гүлмурат, Бактыгүл, Калмурат аттуу чиедей балдары менен жесир калган. Ага Жеңиш колхозундагы туугандарын каралап барууга да жогорудагыдай коогалаң жол ачмак эмес. Кубулдун атасы, элге төбөсү көрүнгөн Чиркей Секиев кызын балдары менен Жаңы-Тилек айылына көчүрүп алып, там салып берип, колдон келген жардамын аяган эмес.

Калмурат 1981-жылы Жаңы-Тилек орто мектебинин 1-классына кирген. «Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим» болуп өсүп, жаштайынан акылы зерек, сергек, баамчыл өскөн. Сабактарынан жакшы окуп, мектеп олимпиадаларына катышып, алдыңкы орундарды ээлегендиги үчүн сыйлыктар менен сыйланган. Облус, республикалык сынактарда биринчи орунду камсыз кылып турган.

«Мен андан бир класска жогору окусам да, математикадан эсеп тапшырмамды дароо чыгарып бере салчу. Жардам сурабаган күндө да, өзү эле көз жүгүртө коюп, сабактарымды эң кыска, мазмундуу, ток этээр жерин айтып, эң сонун түшүндүрчү. Жетик акылына, озук билимине, бир нерсени тез өздөштүргөнүнө таң калчумун. Музыкага шыгы мектептен эле эрте ойгонду. Тогуз жашына чейин Сагынбү деген таежесиникинде өсүп, анын балдары бүт комуз черткендиктен, кенже уулу Нурбектен алгач колуна комуз кармаганды үйрөнгөн. Комузду чың күүлөп алып, өзү эскергендей колу жешилген, кызарып, жооруганга чейин чертчү. Мектепте концертерде ырдай коюп, өнөр жолу Жаңы-Тилектен башталган», - деди эжеси Бактыгүл Рыскулова.

Калмурат мектепти бүткүчө райондук жыйындарга келип ырдай коюп жүрдү. 1991-жылы орто мектептин аттестатына ээ болгондон кийин, Кыргыз улуттук университетине тапшырып, кошумча журналистика факультетинде да окуган. Курсташтарынын көбү таланттуу, чыгаан жаштар болгондуктан, Калмураттын өнөрүнүн өркүндөшүнө чоң сүрөө беришкен. 1992-жылы 1-курста окуп жүргөндө акын Сооронбай Жусуевдин «Кыялды кантип тыямын» аттуу ырына обон жараткан. Ошондон баштап, «Оо, анда көктөм эле», «Ат-Башым», «Өмүрдөгү бийиктик», «Өкүт ыры», «Ата- Журт», «Кайран күкүк, кайран мен», «Боогачың сенин болоюн», «Адамдарга кайрылуу», «Издеп келем», «Канышай» жана башка 50гө жакын ырларга обон жараткан.

2000-жылы апасы Кубул 47 жашында дүйнө салды. 26 жашка келген Калмурат үчүн бул да чоң жоготуу, тагдырдын экинчи жолку оор соккусу болду. Майышты, кайышты, баарын пенде үчүн көтөрдү. Бороон чапкындуу, азап-тозоктуу нечен күндөрдү башынан кечирди. Турмуштун кысымы, каралашар эч кимисинин жоктугу айылга келүүгө, бир туугандарына аз да болсо маңдайында болууга, жардам берүүсүнө түрткү берди.

Ошентип айылга келип, Баетовго чейин барып, айрым концерттерде ырдап жүрдү. Бирок, иштеген туруктуу жумушу болбогондуктан достору Калмуратты шаарга келүүгө чакырышты. Себеби, Калмурат ушунча жетилип, келечеги талантынан көрүнө баштаган эле. Кайрадан кайраттанып, белин бекем бууп, тагдыры шаарга, чыгармачылыкка, андагы досторуна байлангандыгын туура түшүнүп, Бишкекке аттанды. Достору жадырап-жайнап тосуп алышып, музыка дүйнөсүнө киргизип кетишти. Белсене, жалаң гана чыгармачылык менен жашап, иштеп калды. Аңгыча Кыял аттуу кызга да үйлөндү. 2004-жылы 23-июнда чыгармачылык кечесин өткөрдү.

Ошентип, тагдырдын оор соккулары, тайгак жолдор 2004-жылы 23-июнда кыргыздын чыгаан, таланттуу уулун ажал арабыздан алып тынды. Балким ооругандыр, балким жокчулуктун кыйла азабын тарткан Калмурат баарынан тажаганбы? Ким билсин...

Бул маалыматтар райгезитинен жана К.Рыскуловдун эжеси Б.Рыскулованын маегинен алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3329
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:48,   19.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу