При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Тарых инсаны: Ата Мекендик согуштун ардагери С.Ынакбеков алгачкылардан болуп Берлинди алууга кирген (фото)

Turmush -  Бүткүл Европага будуң-чаң салып, андан соң СССР басып кирген фашисттик Германиянын жана анын башкаруучусу, диктатор Адольф Гитлердин ойлогон оюнун таш талканын чыгарган ата-бабаларыбыздын баскан жолу муундан-муунга кала турчу чоң тарых экени талашсыз.

Мына ошол мөндүрдөй жааган окко каршы чуркап, мекен үчүн жан аябай салгылашкан эр жүрөк ата-бабаларыбыздын бири Сейдибакас Ынакбеков катардагы жөн гана жоокер эмес, аткычтар ротасынын командири болгон экен. Берлинге алгачкылардан болуп аткычтар роталары киргендиги маалым. Демек, баатыр атабыз С.Ынакбеков дагы өзүнүн ротасы, жоокерлери менен Берлинге киргени айгине.

Баатыр атабыз туурасында кеңири, толук маалымат да калган эмес. Болгону кайсы жерде билим алгандыгы, кайсы чөлкөмдөрдө, кайсы шаарларда фашисттерге каршы согушкандыгы туурасында гана азыноолук маалыматтар сакталган.

18423885_1891837144408381_7350083829180104832_n

С.Ынакбеков 1917-жылы 15-январда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылындагы Жаңы-Тилек кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1928-жылы Дөрбөлжүн (азыркы Баетов) айылына келип мектепте окуй баштаган. 1935-жылы 7-классты бүтүрүп, 1936-жылдын июль айына дейре ошол эле мектептин башталгыч классына мугалим болуп иштеген. 1936-жылы сентябрда Фрунзе шаарына келип, Кыргыз педагогикалык институтунун кыргыз тил бөлүмүнөн окуй баштаган. 1938-жылы сентябрь айында 3-курста окуп жатканда ЖДКАнын (Жумушчу-дыйкандардын кызыл армиясы) катарына аскерге чакырылып, окууну таштоого аргасыз болгон.

ЖДКАнын 47-тоолук аткычтар дивизиясынын зениттик жана пулемёттук ротасынын 90-бөлүгүндө наводчик кызматындагы катардагы кызыл аскер болуп кызмат өтөгөн. Аскердик кызматын өтөп жатып 1940-жылы июнь айында ошол аскер бөлүгүнүн ВКП(б)сынын мүчөлөрү тарабынан коммунисттик партияга кабыл алынган. 1940-жылдын 12-октябрында аскердик мөөнөтүн бүтүрүп, Коргоо элдик комиссариатынын буйругу менен аскерден бошотулуп айылына келген. Ушул эле жылдын ноябрь айынан тартып Тянь-Шань облусундагы Нарын районунун жер бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы, 1941-жылдын март айынан баштап Ат-Башы МТСинде директордун орун басары болуп иштеген. Ушул жылдын июнь айынан август айына чейин Кыргызстандын коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин алдындагы партиялык мектепке чакырылып окуп жатканда Улуу Ата Мекендик согуш башталып калат. 1941-жылы 3-августта ЖДКАнын катарына аскерге кайра чакырылып, 1941-жылдын 3-августунан 15-сентябрга чейин Ташкент шаарындагы аскердик-саясий училищасында окуйт.

Ташкенттен келип, партиялык мектепте окуп жүргөндө Момбекова Марияга үйлөнүп, андан соң согушка аттанган. 1941-жылдын 7-декабрына чейин 85-запастагы зениттик полкунда батареянын командиринин саясат бөлүмүнүн орун басары, 1942-жылдын 7-декабрынан 5-сентябрга чейин 208-кавалерия дивизиясынын 107-кавалерия полкунда полктук батареянын комиссары, 1942-жылдын 5-сентябрынан 1943-жылдын 15-июнуна дейре Сталинград жана түштүк-батыш фронтунун башкы команда берүүнүн резервиндеги (РГК- Резерв главного командования) 426-истребителдик танкага каршы артилериялык полкунун командиринин саясат бөлүмүнүн орун басары болуп кызмат өтөгөн.

18275067_1891837141075048_2327574119871760456_n

18301310_1891837257741703_151605185992527415_n

18404126_1891837137741715_3983372301539561070_o

1943-жылдын 15-июнунан 1944-жылдын 15-мартына чейин Подольск артучилищасында, 1944-жылдын 15-мартынан 30-октябрына чейин Гомельск аскердик-пехоталык училищасында окуган.

1944-жылдын 30-октябрынан 1945-жылдын 10-февралына чейин Биринчи Украиналык фронтундагы 127-аткычтар дивизиясында 549-аткычтар полкунун пулемёттуу ротасынын командири болгон. Бул фронтто 1945-жылдын 10-февралында жаракат алып, 4431-эвакогоспиталында ошол жылдын 25-мартына чейин дарыланган. Ал жерден сакайып чыккан соң, 1945-жылдын 15-майына чейин 389-аткычтар дивизиясындагы 545-аткычтар полкунун аткычтар ротасынын командири болуп, Берлинди алууга катышкан. 1945-жылдын 15-майынан 1-сентябрына чейин Прага шаарында «30» ОПРОСто, андан соң 17-декабрга чейин Ташкент шаарында «15» ОПРОСто резевде болгон.

1945-жылы 17-декабрда мекенине кайтып келип, Тянь-Шань облусундагы Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын 2-бөлүгүнүн башчысы болуп иштей баштаган. 1947-жылдын 31-августунда ушул эле аскер комиссариатында ага офицер болуп көтөрүлгөн. 1949-жылы 10-июнда Тянь-Шань облусундагы Ат-Башы райондук аскер комиссариатынын комиссары болуп дайындалып, 1958-жылга чейин кызмат кылган. Ушул кызматта иштеп жатып, 1949-жылы Ат-Башы районунун эмгекчи депутаттарынын райондук кеңешинин депутаты болуп шайланган.

1958-жылы 10-июнь айында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы Исхак Раззаковдун 1958-жылдын 6-февралындагы №19/28 токтому менен Тянь-Шань облустук аскер комиссары болуп дайындалган.

1960-жылы 1-февралда подполковник чини менен ардактуу эс алууга чыгып, Ак-Талаа районунун Дөрбөлжүн айылына үй-бүлөсү менен кайтып келген.

_DSC1596

_DSC1643

Аскердик өмүр жолунда алган сыйлыктары:

- 1942-жылы мартта «Сталингратты коргогондугу үчүн» медалы;
- 1942-жылы декабрда «Согуштагы эрдиги үчүн» медалы;
- 1943-жылы апрелде «Кызыл жылдыз» ордени;
- 1945-жылы мартта «Экинчи даражадагы Ата Мекендик согуш» ордени;
- 1945-жылы майда «Германияны жеңгендиги үчүн» медалы;
- 1945-жылы июнда «Берлинди алгандыгы үчүн» медалы;
- 1945-жылы июнда «Праганы бошоткондугу үчүн» медалы;
- 1948-жылы февралда «Советтик армиянын жана флотунун 30 жылдыгы» медалы;
- 1950-жылы февралда «Согуштагы эрдиги үчүн» медалы;
- 1954-жылы февралда «Кызыл жылдыз» ордендери менен сыйланган.

Ал 1970-жылы 5-майда 53 жаш курагында каза болгон.

Бул маалыматтарды С.Ынакбековдун уулу Максат Ынакбеков билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 581
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×