Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Видео, фото - Ак-Талаа районунда «Манас, маданият жана туризм» фестивалы өтүп жатат

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата «Манас, маданият жана туризм» фестивалынын IV сезону өткөрүлүп жаткандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 9-июнда Баетов айылындагы А.Карасартов атындагы сейил багында башталган фестивалга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, райондук жана облустук бийликтин өкүлдөрү катышып жатышат.

Фестивалдын жүрүшүндө улуттук кол өнөрчүлүктүн, улуттук тамак-аштардын, кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, парад өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2270
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×