При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Фото - Ак-Талаада салтка айланган «Манас, маданият жана туризм» фестивалы жыйынтыкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлүп жаткан «Манас, маданият жана туризм» фестивалынын 4-сезону жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар кечээ, 9-июнда тапшырылганын аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айылындагы Адилет Карасартов атындагы сейил бакта өткөрүлгөн фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулуп, «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, улуттук бийлер жана ырлар аткарылды. Мындан тышкары, аталган фестивалдын алкагында буга чейин өткөрүлүп жаткан «Ыр кесе» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, аларга сыйлыктар берилди.

Аталган сынакта айыл өкмөттөр арасында 1-орунду Кара-Бүргөн айылы камсыздап, 10 миң сом, ал эми мекемелер арасында медицина тармагы камсыздап, 10 миң сом акчалай сыйлык алышты. 2-орунду Баетов айыл өкмөтү менен Жерге-Тал айыл өкмөтү, 3-орунду Көк-Жар айыл өкмөтү жана билим берүү тармагы камсыздашты. Ошондой эле, активдүү катышкан 12 командага кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Фестивалга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, Нарын облустук өкүлчүлүктөн, Мамлекеттик туризм агенттигинен келген өкүлдөр, Тогуз-Торо районунун бийлиги жана жергиликтүү эл күбө болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 721
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×