
Turmush - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматтын 91 жылдык мааракесине карата кичи футболдук мелдеш өткөрүлгөнүн аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 15-июнда өткөн футболдук мелдешке өрткө каршы мамлекеттик кызматтын жумушчулары катышып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Өкмөттүн 1994-жылдын 26-октябрындагы №795 токтому менен 15-июнь — Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын кызматкерлеринин кесиптик күнү деп белгиленген.