При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Фото - Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнүн тирөөчү чөгүп кетип, унааларга чектөө киргизилди

Turmush -  Ак-Талаа районунда Нарын дарыясындагы чоң көпүрөнүн тирөөчү чөгүп кетип, кооптуу абал жаралды. Көпүрө бир жума ичинде 25 см чөккөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук өкүлчүлүгүнөн аймактык кабарчыга билдиришти.

Жаан-чачындын көп болушу, агын суулардын көбөйүшү менен дарыяда суунун деңгээли көтөрүлүп, көпүрөнүн ортоңку тирөөчү чөгүп баштаган. Учурда көпүрө кулап калуу коркунучунда турат. Ага байланыштуу оор унаалардын өтүшүнө чектөө киргизилип, жеңил унаалар гана өткөрүлүүдө. Көпүрөнүн эки башына эскертүү белгилери орнотулуп, күнү-түнү патрулчулар иштеп жатат.

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин ушул жылдын 16-майындагы буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия көпүрөнү жеринен иликтөөгө алышкан. Иликтөө учурунда көпүрөнүн №3 тирөөчү 42 сантиметрге чөгүп, №4 тирөөчү кыйшайып, №2 жана №3 тирөөчтөрү ийилип калганы жана бириктирилген жерлери бузулуп, унаа жүрүүчү жолдун абалы начарлаганы аныкталган.

Бул көпүрө аркылуу Тоголок Молдо, Жаңы-Талап, Ак-Кыя, Кызыл-Белес айылдарына, Соң-Көл жайлоосуна жана Тогуз-Торо районуна унаалар каттайт. Көпүрө 1967-жылы курулуп, 1981-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөн. Андан бери бир дагы жолу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2541
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу