Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ак-Талаанын тарыхында биринчи жолу жол чырактар орнотулду (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тарыхында алгачкылардан болуп Ак-Тал айылында жол чырактар орнотулду. Айыл өкмөт башчысы Эркинбек Сатаров аймактык кабарчыга билдиргендей, облустук №8 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери борбордук көчөгө, мектептин тушуна 2 даана жол чыракты орнотуп бүтүштү.

Ошондой эле, айылдагы унаа жолго жөө адамдар өтүүчү сызыктар чийилди. Ак-Тал айылындагы борбордук көчөгө мындан 2 жыл мурун асфальт төшөлгөн эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 881
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу