Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ак-талаалыктар 1-топтогу майып жердешинин үйүндөгү каалга-терезелерди алмаштырып беришти (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашаган 30 жаштагы Замир Казиевге жердештери жардам көрсөтүп, үйүнүн каалга-терезелерин алмаштырып беришти. Бутунан баса албаган жердешине колдоо көрсөтүүнү «Ак-Талаа биримдиги» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү демилгелеген.

З.Казиев мындан 15 жыл мурун азыркы жашап жаткан үйүн куруп жатканда белин кокустатып алган. Бирок аны байкабай жүрө берип, билинбеген дарттын кесепетинен эки буту баспай калган. Ооруканаларга кайрылганы менен жыйынтык чыкпай, учурда 1-топтогу майып катары 5500 сом жөлөк пул алат. 

«Жубайым эч жерде иштебейт, мени карап үйдө. Жакында наристелүү болобуз. Жыл сайын айыл өкмөт тарабынан 1 тонна көмүр берилет. Бирок кышы бою 4 тонна көмүр жагабыз. Үйдү жылуулайын десем каражатым, мал-жандыктарыбыз жок, өзүм да кыймылдай албайм. Жардам берип жаткан коомдук бирикменин мүчөлөрүнө чоң рахмат айтам», - деди З.Казиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 647
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу