Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Ак-Талаада оор жумушка тартылган балдардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүрдү (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан «Кайырчы» аталыштагы иш-чара өтүп, оор жумушка тартылып жаткан өспүрүмдөрдүн укугун коргоо максатында коомчулукка түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, РИИБ, райадминистрация, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен бирге жүргүзүлгөн иш-чарада базарда ата-энесине жардам берип жүргөн балдар аныкталып, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бирок айрым ата-энелер балдарга карата жазылган айрым мыйзамдар туура эместигин, анткени балдарды дагы эмгекке тарбиялоо керектигин, аларды бош койсо ар кандай кылмыштарга барарын билдирип чыгышты.

Аталган иш-чаранын максаты — кароосуз калган, кайыр сураган жана оор жумушка тартылган жаш өспүрүмдөрдү аныктоо жана мындай көрүнүшкө жол бербөө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 946
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×