Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Ак-Талаада тобурчактан карагайдын 3 түрү өстүрүлүүдө (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук токой чарбасы тобурчактан карагайдын 3 түрүн өстүрүп жатышкандыгын аймактык кабарчыга башкы токойчу Курманбай Сатындиев билдирди.

Маалым болгондой, токой чарбанын иш кеңсесинин бакчасына кызыл карагай, жашыл карагай жана ийне жалбырактуу карагайды тамчылатып сугаруу ыкмасынын жардамы менен өстүрүшүүдө.

«Тобурчактын өзүнөн өндүрүп жатабыз. Муну колго багып өстүрүп, андан соң отургузууга беребиз. Күнүгө сугарып туруу, атайын минералдык азыктар менен камсыз кылуу жана 50% көлөкө жерге багуу зарыл. Ошондо 3 жылда 30 сантиметрден ашык өсүп чыгат», - деди К.Сатындиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 491
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу