Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Нарын

Соң-Көлдө улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өтөт

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата улуттук ат оюндары боюнча мелдеш өткөрүлө турганын райондун спорт инструктору Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 26-август күнү Соң-Көл жайлоосунун Таш-Дөбө чөлкөмүндө аламан жарыш, жорго салыш, кунан чабыш, тай чабыш, эр эңиш жана кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт.

Аталган мелдештин негизги максаты — улуттук оюндарды даңазалоо, келечек муунга жайылтуу, жаштарды патриоттуулукка үндөө, райондогу күчтүү командаларды, балбандарды аныктоо.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1672
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×